Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ – мамлекеттин юридикалык ченемдердин (укук ченемдери) жардамы аркылуу коомдук мамилелерге таасир этүү процесси. Тийиштүү юридикалык ченемдердин тобу менен бышыкталган коомдук мамилелердин белгилүү таризи анын предмети болуп саналат. Ошентип, мамлекеттик башкарууга байланышкан мамилелер административдик укуктун предмети болуп саналат. Юридикалык ченемдердин коомдук мамилелерге таасир этүү ыкмалары укуктук жөнгө салуунун усулу катары түшүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУ УСУЛУ – юридикалык ченемдердин таасир этүү ыкмасы. У. ж. с. у. императивдик жана диспозитивдик болуп бөлүнөт. Императивдик усул – бул укук ченемдери менен жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин катышуучусуна бийлик аркылуу таасир этүү ыкмасы. Буга административдик жана кылмыш-жаза укугу мисал боло алат. Диспозитивдик усул – бул өзара тең укуктуу тараптар болгон катышуучулардын өзара мамилелерин жөнгө салуу ыкмасы. Бул аларга өздөрүнүн укук ченемдери менен жөнгө салынуучу мамилелеринин таризин тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул усул жөнгө салуунун 3 ыкмасын өзүнө камтыйт: а) укуктук мүнөзгө ээ, белгилүү аракеттерди жасоого мүмкүндүк берүү; б) белгилүү укуктарды берүү; в) белгилүү өзара мамилелерге катышуучу кишилерге өзүн алып жүрүүнүн бир жолун тандап алуусуна укук берүү.